Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү митинги шаардын "Жеңиш" паркында өттү. Анда ушул бакта орнотулган ооган курмандыктары менен Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандардын арбагына куран окулуп, алардын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду.
Жалал-Абад шаарынан Ооганстанда кызмат өтөөгө үч жүздөн ашуун адам чакырылган, алардын үчөө ошол жакта курман болгон. Ал эми облустун Базар-Коргон районундагы Арстанбап кыштагында туулуп, ооган жеринде каза тапкан Юрий Исламовго андагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. (YA)