Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Пентагондун жаңы башчысын бекитүү кечеңдеп жатат


АКШ Сенатында Республика партиясынын өкүлдөрү Чак Хейгелди Пентагондун башчысы кылып бекитүүнү убактылуу токтотуп койду. Палатада көпчүлүктү түзгөн демократтарга эки добуш жетпей калды. Республикачылар өз партиясынын өкүлү Хейгелден айрым маселелер боюнча, анын ичинде Израил жана Ирандын өзөктүк программасы тууралуу жооп алыша электигин жүйө кылууда.

Коргоо министрлигине Хейгелдин талапкерлигин сунуштаган президент Барак Обама республикачыларды партиянын кызыкчылыгын улуттук коопсуздуктан жогору коюп жатат деп айыптады. Алдын ала маалыматка ылайык, добуш берүү эми 26-февралда өтүшү мүмкүн. (EBM)

XS
SM
MD
LG