Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Метеорит Челябинск облусуна 13 млн доллар чыгым келтирди


Челябинск облусуна түшкөн метеорит 13 млн доллар чыгым алып келди. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучковдун айтышынча, чыгым дагы өсүшү ыктымал. Жума күнү эртең менен Челябинсктин үстүн кайпып өткөн метеориттин эпкининен терезелер сынып, 1200дөй адам жараат алды. Анын сыныгы Чебиркөлдүн жанына түшүп, ал жерде бир нече метрлик чуңкур калтырды. Орусиянын илимдер академиясынын билдиришинче, метеорит Жердин атмосферасына өткөндө чакан атомдук бомба жарылгандагыдай энергия толкунун жараткан.

XS
SM
MD
LG