Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Иракта жанкечти генералды, эки күзөтчүсүн өлтүрдү


Ирак армиясынын чалгындоо академиясынын зардалы Али Ауни жана анын эки күзөтчүсү жанкечтинин бомба чабуулунан мерт кетти. Полициянын кабарлашынча, жанкечти бомбаны Мосул шаарына жакын жердеги генералдын үйүнүн түбүнө келип жардырган.

Багдаддын түндүк тарабындагы кыштакта машинеге коюлган бомбадан сот Ахмед Баяти набыт болду. Сунни араб Баяти мурда анти-террордук кызматта иштеген.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, генерал былтыр уулун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенде чоң акча төлөп бошотуп алган. Ай башында Ирактын шиит калктуу бөлүгүндө бомба коюлган бир нече машине жарылып, 30дан ашуун адамдын каны төгүлгөн.

XS
SM
MD
LG