Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында бир жыл мурда кабыл алынган чечимге карабай Индиядан буйволдун эти дагы деле ташылып келип, малдын эти катары сатылып жатканын билдирди. Депутаттын айтымында, башка өлкөлөрдүн баары буйволдун этине тыюу салып, анын сапатынан шекшип жатса, бизде уйдун эти деп элге сатылып жатат. Аталган комитет мындан ары Индиядан буйволдун этин алып келүүгө тыюу салуу сунушун өкмөткө жолдоду.
Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынынын жетекчисинин орун басары Самат Алиев 2012-жылы жалпы эсеби 69 миң 689 тонна эт Кыргызстанга четтен алынып келингенин билдирди. Анын 62 миң 264 тоннасы канаттуулардын эти, алар көбүнесе АКШ, Кытай жана Украинадан алынып келинет.
Ушул тапта парламенттеги комитет жыйынында 2012-жылдагы эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо тууралуу маaлымат берилип жатат. (JAk)