Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери менен бизнесмендер чатакташты


Буга чейин тоонун түбүнө курулган мечит да чоң талаш жаратканы бар, 2012-жылдын 17-июну.
Буга чейин тоонун түбүнө курулган мечит да чоң талаш жаратканы бар, 2012-жылдын 17-июну.
Бүгүн Оштогу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музейинин кызматкерлери музейдин чеке-белин тазалоо учурунда тоонун тегерегиндеги кичи маркеттин ээлери менен чатакташа кеткен. “Ишембиликке чыккан музейдин кызматкерлерин бизнесмендер коркутуп, шаймандарыбызды тартып алганга аракет кылышты”, - деди музейдин директору Абдраим Турганбаев “Азаттыкка”. Турганбаев музейдин чеке-белине бизнесмендер кафе, соода жайларын мыйзамсыз куруп алышканын айтып, аларга шаардык мэрия уруксат берип койгонун кошумчалады.

Сулайман-Тоо археологиялык музейи 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Уюмдун талаптарына ылайык, тоонун жакасында курулуштар жок болуп, болсо дагы 10 метрден ашпашы керек. Бирок учурда тоонун айланасындагы мечит, кафе, соода жайлары жана башка бир нече мыйзамсыз курулуштар алынбай келатат. Мунун айынан ыйык жай ЮНЕСКО тизмесинен чыгып калышы мүмкүн дешет адистер.

XS
SM
MD
LG