Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Пакистанда куралдуу калабалар кайра уланды


Пакистан полициясынын формасын кийген согушчандар Пешавардагы өкмөттүк турак жай комплексине кол салып, төрт аскер курман болду. Бийликтердин айтышынча, уруулардын башкаруусундагы Хайбер райондагы өкмөттүн өкүлү Муттахирзеб Хандын штабына төрт согушчан чабуул жасаган кезде бир жанкечти комплекстин дарбазасынын алдында өзүн бомба менен жардырып жиберген. Чабуул башталган учурда имаратта уруу аксакаладары менен сүйлөшүү жүрүп жаткан. Ошо кезде комплекстеги түрмөгө абактагыларды тарткан машине эми гана келгени да кабарланууда.

Дарыгерлердин “Азаттыкка” айтышынча, куралдуу калабада кеминде жети адам оор жаракат алды.

XS
SM
MD
LG