Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Дел Понте: Гаага соту Сириядагы согуш кылмыштарын изилдеши абзел


Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы кандуу калабаны изилдөө комиссиясынын мүчөсү Карла де Понтенин айтышынча, Гаагадагы эл аралык трибуналга Сирияда жасалган согуш кылмыштарын иликтөөчү убакыт келди. “Биз кылмыш жасаган деп шектелген жогорку саясый жана аскерий адамдарды аныктоо үчүн ар бир чечим кандай кабыл алынганын иликтеп чыгабыз,” - деди Улуттар Уюмунун мурдакы прокурору Дел Понте айым. Ал билдирүүнү БУУнун өзү катарындагы атайын комиссиясы Сириядагы эки жылга чукулдап калган куралдуу калаба жөнүндө көлөмдүү изилдөөнү жарыялагандан кийин жасады. 131 барак докладда өкмөттүк күчтөр жана көтөрүлүшчүлөр согуш кылмышын жасаганы, ошондой эле адамдарды өлтүрүп-кыйнаганы белгиленет. Комиссия келерки айда БУУнун Адам укугу боюнча кеңсесине кылмышкер деп шектелгендердин жашыруун тизмесин берүүнү мерчемдеп жатат. БУУнун эсебине караганда, Сириядагы кандуу булоон 70 миң адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG