Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Беларуста чек арачы офицер эки жылга соттолду


Былтыр Беларустун аба мейкиндигине мыйзамсыз кирип, демократияга үндөгөн баракчалар толтурулган аюу куурчактарды таштаган швециялык аэроплан жөнүндө убагында маалымдабаган белорус чек арачысы эки жылга кесилди. Дүйшөмбү күнү Беларустун жогорку соту маалымдашынча, офицер мүмкүн болушунча өмүрүнө коопсуз абак жайда жаза мөөнөтүн өтөйт.

Өткөн жайда Швециянын кулактандыруулар боюнча фирмасы демократиялык мүнөздөгү ураандар жазылган аюу куурчактарды көтөргөн беларусту көрүп, андай баракчалар толтурулган жаныбарлардын куурчактарын Беларуска таштоо үчүн учак жалдаганын билдирген. Жанагы учак Литвадан Беларуска учуп өтүп, жүздөгөн баракчалар толтурулган аюу куурчактарды таштап, Швецияга аман-эсен кайтып келген. Бул окуядан улам Швециянын элчиси Беларустан куулган жана Беларус-Литва ортосундагы мамиле осолдогон. Беларустун абадан коргоо күчтөрүнүн жана Чек ара башкармалынын зардалдары кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG