Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Кадамжайдын тургуну күйдүргү дартына чалдыкты

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын 53 жаштагы тургуну күйдүргү дартына кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Учурда бейтаптын абалы жакшы, дарылануусун улантууда. Райондук санитардык-эпидемиялык борборунун кызматкерлери күйүдүргүнү алдын алуу боюнча атайын көрсөтмө даярдап, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жыл башынан бери катталган биринчи учур. (КЕ)
XS
SM
MD
LG