Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Диний уюмдар: тегин ким териштирет?


Мун чиркөөсүнүн жыйыны. Бишкек, 18-июнь, 2006. (Бул уюмдун ишмердигине былтыр Кыргызстан сот аркылуу тыюу салган.)
Мун чиркөөсүнүн жыйыны. Бишкек, 18-июнь, 2006. (Бул уюмдун ишмердигине былтыр Кыргызстан сот аркылуу тыюу салган.)

Улуттук коопсуздук комитетинин байкоочулар кеңешинин төрага орун басары Кыргызстанда 3 миңдей секта бар экенин айтып чыкты.

Анын бул маалыматы талдоочулар арасында кызуу талкууну жаратууда. Бирок үч миң секта бар деген пикир кыйла көбөйтүлүп айтылганын белгилешүүдө.

Үч миң секта барбы?

Кыргызстанда үч миңдей секта бар экенин Улуттук коопсуздук комитетинин байкоочулар кеңешинин төрага орун басары Аркадий Гладилов өткөн жумада маалымат жыйынында билдирди. Аркадий Гладилов “Азаттык” менен маегинде бул сан болжолдуу экенине көңүл бурду.

- Ачыкпы, көмүскөдөбү, мен баарын айтып жатам. Менимче, көп диний уюмдар катталган эмес. Алар мыйзамсыз иш жүргүзөт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда болсо аз гана адам иштегендиктен, алардын диний уюмдардын баарын текшерип турууга, чынын айтыш керек чамасы чектелүү.

Өткөн жылдын маалыматы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт. Кайсы бир диний уюмду секта деп атоо үчүн тиешелүү органдардын бүтүмү керектигин белгилеген талдоочулар, андыктан Кыргызстандагы кайсы бир уюмду секта деп атоо талаштуу дешет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев Кыргызстанда 3 миң секта бар деп айтылган пикирге кошулбайт. Бирок ал чыны менен диний уюм катары каттоодон өтпөй туруп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан бирикмелер бар экенин да белгиледи.

- Ар кандай программа менен келип, каттоодон өтпөй иш жүргүзүп жаткандар бар. Түрдүү окуу программаларга жана башка долбоорлорго жамынып алып, иш жүргүзүшөт. Андайлар бар, бирок үч миң секта бар экен деген туура эмес.

Секта боюнча талаш пикирлер бар

Өткөн жылы сот Кыргызстанда коомдук уюм катары каттоодон өтүп, бирок диний ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан Мун чиркөөсүнө тыюу салган. Бирок ал айрым өлкөлөрдө расмий таанылган дин катары аракеттенет.

Ал эми Кыргызстандын расмий муфтияты Ахмади уюмун секта деп атаган өкүмүн чыгарган. Бирок бул уюмдун өкүлдөрү тескерисинче, аны диний уюмду кысмакка алуу катары санап, бул маселеде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен да талашып-тартышып келүүдө.

Окумуштуулардын пикиринде, секта деп негизги динден бөлүнүп чыккан агымды айтышат. Бирок диний агымдар өздөрүн секта деп атаганга каршы. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы байкоочулар кеңешинин төрагасынын орун басары, диний маселелер боюнча талдоочу Назира Курбанова сектага мындайча түшүндүрмө берди.

- Кайсы бир топ негизги динден бөлүнүп чыгып, жаңы негиздөөчүсү менен өз салтын, жөрөлгөлөрүн, окууларын, көз караштарын аткара баштаса, ал секта деп айтылат. Бирок окумуштуулар арасында азыр секта боюнча бирдиктүү пикир жок.

Назира Курбанова өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет жана коом үчүн коркунучтуу болгон секталардын тизмеси атайын мыйзам менен аныкталарын кошумчалады. Ал белгилегендей, жарандар алардын кылтагына илинип калбашы үчүн секталардын тизмеси коомчулукка да жарыя кылынат.

- Эгер азыркы күндөгү секталарды ала турган болсок, эң негизги алардын максаты адамдын башын имерип, өздөрүнө киргизип алуу. Ал эми анын уюштуруучуларынын өз максаттары болот. Секталар тоталитардык жана деструктивдүү деп экиге бөлүнөт. Башкача айтканда, бул секталар авторитардык ыкма менен үстүдөн бир адам аркылуу башкарылат. Алардын каржылык кызыкчылыктары да болот. Ошон үчүн көп мамлекеттер тыюу салынган секталардын тизмесин жарыялап коюшат.

1991-жылы эгемендик алган Кыргызстан Баш мыйзамда дин эркиндигин жарыялаган өлкө. Маселен, совет дорунда Кыргызстан аймагында дүйнөлүк дин саналган ислам, христиан жана будизмдин гана өкүлдөрү бар болсо, азыр диндердин жана конфессиялардын саны отуздан ашуун.
XS
SM
MD
LG