Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Таласта окуучу кызды сабады делген тарбиячынын соту жылды


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Мирбек Айтикеевдин айтымында, сот иши айыпталуучу Нурзат Качкынованын адвокаты келбей калганына байланыштуу жылдырылды.

Талас облусунун Бердике баатыр айылындагы акыл-эси кем балдардын жатак мектеп интернатынын тарбиячысы Нурзат Качкынова 5-класстын окуучусу Айзада Советбек кызын мык сайылган таяк менен сабаган деп шектелүүдө. Качкынова өзү муну жалган жалаа деп эсептөөдө. Ал эми жабырлануучунун апасы Керимбү Чыныбекованын айтымында, кызынын буту дагы деле шишип, жакшы болбой жатат.

Окуя өткөн жылы болгон. Жабырлануучу Айзаданын ата-энеси арыз ошол учурда эле берилгенин, кылмыш иши бир ай мурда ачылганын кабарлады. (КЕ/MbA)

XS
SM
MD
LG