Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Эл аралык террористтик уюмга көмөктөшкөн делген адам кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, эл аралык террористтик уюмга кол-кабыш кылды делген адам 1977-жылы Ош облусунда туулган Кыргызстандын жараны. Анын согушкерлерге жана террористтик уюмдун мүчөлөрүнө жасалма документтерди даярдап берип турганы аныкталган. Тинтүү маалында анын жашаган жеринен паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскер билети жана документтерди даярдоочу жабдык табылган. Мындан сырткары буга чейин УКМК тарабынан террористтик ишмердиги үчүн кармалган Өзбекстан жаранынын жасалма документи менен сүрөттөр алынган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG