Бул тууралуу Социалдык фонддун Мамлекеттик пенсиялык фондунун башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Рахатбек Пирматов маалымат жыйында билдирди. Социалдык фонд топтоо компонентин былтыр 1-январдан тартып киргизген. Ага ылайык, пенсияга чыккан, бирок эмгектенип жаткан пенсионерлердин эмгек акысынын 2 пайызы фондго которулуп турган. Учурда аны төлөп берүү тартиби иштелип чыгууда.
Учурда Кыргызстанда 565 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 49 миңдейи иштейт. (КЕ)
Учурда Кыргызстанда 565 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 49 миңдейи иштейт. (КЕ)