Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Улут аралык мамилени козуткан кылмыш иштердин көбү сотко жетпейт


Президенттик аппараттын дин жана этностук саясат боюнча бөлүмүнүн эксперти Нурхон Тажибаеванын “Азаттыкка” айтымында, улуттар аралык араздашуу боюнча экспертиза калыс жүргүзүлбөйт. Ошол себептүү көп учурда улут аралык мамилени козутканы үчүн козголгон кылмыш иштери сотко жетпейт. Учурда ушундай негиздеги эки кылмыш иши арабөк калган. Тажибаева ошондой эле тергөөчү өзү эксперттик топту тандаганын сынга алды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети ушул теманы талкуулады. Анда дин жана этностук саясат боюнча бөлүмүнүн дагы бир эксперти Нурбек Өмүралиев лингвистикалык-психологиялык экспертизага катышууда окмуштуулар саясатчылардын басымына дуушар болушарын кошумчалады. (КЕ)
XS
SM
MD
LG