ИИМ академиясынын имаратынан кулап кетип каза тапты делген курсанттын энеси Гулжамал Сураналиева акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылып, уулунун өлүмүнө байланыштуу тергөөнүн жыйынтыктарына макул эместигин билдирүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады. Ал бул ишти тыкыр изилдеп берүүнү акыйкатчыдан өтүндү. Акун бул ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын, бул иш боюнча маалымат жылдык баяндамага киргизилерин билдирди.
2012-жылдын 8-октябрында 22 жаштагы курсант Нурлан Ниязбеков нөөмөттө турган учурда 3-кабаттан кулап кетип каза тапкан. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Ниязбеков мас абалында кулап кеткен. Курсанттын ата-энеси уулунун өлүмүнө өз убагында жардам көрсөтпөгөн академия жетекчилигинин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып жатышат. (КЕ)