Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Пакистанда шииттер өлгөндөрдү көмүүгө макул болушту


Кветта шаарында шииттер нааразылык акциясын токтотуп, 16-февралдагы кол салууда набыт болгон 90го чукул кишинин сөөгүн жерге берүүгө көнүштү. Бул тууралуу келишим бүгүн шиит мусулмандарынын өкүлдөрү менен өкмөттүн ортосунда жетишилди. Шиит мусулмандарынын башчысы Аллама Амин Шахеде 89 курмандыктын сөөгү эми жерге берилет деп сөз берди. Алардын туугандары өкмөт согушкерлерге каршы операция баштамайынча, өлүктөрдү көмүүдөн баш тартып жатышкан эле. Мунун алдында өкмөт башчысы Ража Первез Ашраф Кветтада “максаттуу” операция өткөрүүнү буйруган. Коопсуздук күчтөрү бүгүн тыюу салынган уюмдун төрт өкүлүн атып өлтүрүп, бир нечесин камакка алды. Пакистанда шииттер калктын 20 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG