Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Шыкмаматов: “Центерра голд” сотто утат деген чочулоого негиз жок


Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов парламенттеги Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулаган жыйында сүйлөп жатып, коомчулукта Кыргызстан эл аралык сотто канадалык “Центерра голд” компаниясына уттуруп койот деген кооптонуу көп экенин айтты.

Комиссиядагы юридикалык топтун башчысы болгон Шыкмаматов эл аралык принцип жана нормага ылайык, кандай гана компания болбосун жергиликтүү элдин кызыкчыгын эске алышы керектигин, “Центерра голд” андай талаптарды аткарбаганын айтып, "эл аралык соттон утулабыз" деп кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

“2007-жылы Кумтөрдү башкаруу укугу Кыргызстан тарапка өтүш керек деп биринчи келишимде жазылган. Бирок 2003-2004-жылдарда түзүлгөн келишимдер муну жокко чыгарган. Ага чейин Кумтөрдө Кыргызстан тарап 67, ал эми “Центерра голд” 33 пайызга гана ээ болчу. 2003-2004-жылдардагы келишимде үлүш тескери болуп өзгөрүп, Кыргызстан 33 пайызга гана ээ болуп калган. Кумтөр менен түзүлгөн келишимдер эл аралык келишим эмес. Андыктан 2009-жылдагы келишимди Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүү мыйзамсыз болгон жана ал Баш мыйзамга каршы келет”,-деди Шыкмаматов.

Экономика министри Темир Сариев келишимге кол койгон адамдардын тизмеси Башкы прокуратурага жиберилгенин айтып, 2009-жылдагы келишимде ошол кездеги Данияр Үсөновдун өкмөтү 1 млрд. 336 млн. сомду Кумтөрдөн кечип салышканын билдирди. (ZB/JAk)

XS
SM
MD
LG