Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Сирияда үйү талкаланган Кыргызстандын жараны Бишкекке жеткирилди


Оппозиция менен бийликтин ортосунда куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Сирияда жардыруудан улам үйү талкаланган Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова бүгүн Бишкекке алынып келингенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ладанова Сириядан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы менен Москвага чейин жетип, аны Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тосуп алып, Бишкекке узаткан. Ладанова менен бирге анын сириялык жолдошу жана эки баласы келди.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы оппозициялык күчтөр мындан 22 ай мурда көтөрүлүп, тараптардын кагылышуусунан набыт болгондордун саны 70 миңге чамалады. (JAk)

XS
SM
MD
LG