Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Санкт-Петербург шаарында митинг-демонстрациялар чектелет


Оппозиция жактоочуларынын "Стратегия 31" деп аталган, ай сайын өтүүчү нааразылык акциясы. 31-январь, 2013-жыл.
Оппозиция жактоочуларынын "Стратегия 31" деп аталган, ай сайын өтүүчү нааразылык акциясы. 31-январь, 2013-жыл.
Шаардын думасы бүгүн үчүнчү окуудан жатырган мыйзам борбордук аянттарда жана аллеяларда митинг-демонстрация өткөрүүгө тыюу салат.

Бийликтен уруксат алынган митинг-демонстрациялар өкмөттүк имараттардан, мектептерден, ооруканалардан, полиция бекеттеринен кеминде 50 метр алыстыкта өткөрүлүш керек. Ал эми күн мурунтадан уруксат алынбаган жыйындын катышуучулары эң көп дегенде 200 кишиден ашпоосу зарыл.

Жаңы мыйзам депутаттардын шайлоочулар менен жолугушууларына, диний жөрөлгөлөргө, спорттук мелдештерге, маданий иш-чараларга жайылтылбайт. Оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү документке каршы добуш беришти. "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский мыйзамды Конституцияга каршы деп атап, партиясы аны жокко чыгаруу үчүн күрөшөрүн белгиледи.

Санкт-Петербург - орус оппозициясы өз нааразылык акциясын утур-утур уюштуруп келаткан шаарлардын бири. (UE)

XS
SM
MD
LG