Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Парламентте жаңы депутаттык топ түзүлдү


Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын айрым мүчөлөрү “Өнүгүү” деп аталган жаңы депутаттык топ түзүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңы түзүлгөн топтун мүчөсү, депутат Мирлан Бакиров кабарлады. Анын айтымында, азырынча бул топко Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров, Абдулатип Режавалиев жана Бакиров өзү кирген. Учурда башка фракциялардан он чакты депутаты менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле Бакиров депутаттык топтун түзүлүшүн пикирлеш депутаттар менен иштеп чыккан программаны ишке ашыруу максаты менен түшүндүрдү. Буга чейин Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү” аттуу партия түзүп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан эле.

Жогорку Кеңеш 19-январда кезексиз жыйынында депутаттын макамы тууралуу мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизип, депутаттарга парламенттик фракциялардан чыгып, өз алдынча топторго кошулганга жол ачкан. Бул топтор өз кезегинде коалициялык азчылыкка, же көпчүлүккө кире алат. Жогорку Кеңештин азыркы курамында мындай мыйзам кабыл алынганга чейин эле фракциядан чыгып кеткен, депутаттык топ түзгөн учурлар болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG