Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Бишкекте муз үстүндөгү бий боюнча мелдеш башталат


Бүгүн өспүрүмдөр арасында муз үстүндөгү бий боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Анда 7 жаштан 14 жашка чейинки муз үстүндөгү чеберлер катышмакчы. Мэриянын маалыматында, мелдеш өлкөдө кеңири тарабаган спорттун бул түрүн жаштар арасында жайылтуу максатында уюштурулууда. Муз үстүндө бийлөө Кыргызстанда кийинки жылдары гана жандана баштаган спорттун түрү. Муз үстүндө бийлөө боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты былтыр алгач жолу өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG