Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Дамасктагы ракеталык чабуулдан 20дан ашык адам мерт кетти


Сириянын оппозициясы борбор калаа Дамаскка жакын жерлердеги аба соккуларынан 20дан ашык адам мерт кеткенин билдирип чыкты. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун эсебинде, кечээки аба соккуларынан 35тен ашык адам ажал таап, ондогондору жараат алды. Бул уюм шаардын чеке белиндеги соккудан талкаланган райондордун биринде урандылар алдында калгандар да арбын экенин маалымдады.

Ал ортодо Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары Дамасктын чок ортосундагы стадион бутага алынып, атылган минометтон анда машыгып жаткан футболчу мерт кеткенин кабарлады.

Сириядагы 2011-жылдын март айында башталган жаңжалдан бери БУУнун эсептөөлөрү боюнча, 70 миңге жакын адам каза тапты.

XS
SM
MD
LG