Дзю-до боюнча уландардын тандалма командасынын мүчөлөрү 21-февралдын таңында Азербайжан өлкөсүнө жөнөп кетишти. Кыргызстандык 7 балбан 23-24-февралда Баку шаарында өтө турган 18 жашка чейинки курактагы балбандардын дүйнөлүк Кубогуна катышат. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.
Кыргызстандын намысын Баяман Сагынбай уулу, Бакытжан Жуманазаров, Бексултан Султанов, Алибек Чороев, Асан Бейшекеев, уландар арасында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Эрмек Сариев жана Азамат Бектурсунов коргойт.
Делегацияны машыктыруучу Азамат Жасыбаев жетектеп, жаш балбандарга баш-көз болуп баратат. (KmA)