Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Ташиев КТРК жетекчиси коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылды


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Ата Журт” партиясынын үч депутатынын ишин кароону улантты. Соттун жүрүшүндө депутат Камчыбек Ташиев КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевди 3-октябрдагы митингден кийин “Ташиев менен Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү” тууралуу видеону эфирге бергенин айыптап, бул кимдир бирөөнүн буйругу деген доомат койду. Оторбаев телеканалдын кабарчылары ал видеону Ютуб сайтынан алганын айтып, Ташиевге да КТРКден сөз берүүгө даяр экенин билдирди.

“Ата Журт” партиясынын депутаттары Ташиев, Жапаров жана Мамытовдордун үстүнөн жүрүп жаткан сот ишине Адылбек Субанкулов төрагалык кылууда. Өткөн жылдын 3-октябрында аталган депутаттар Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Митинг “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата Журттун" лидерлери абакта отурат. (JAk)

XS
SM
MD
LG