Жогорку Кенештин бейшембидеги жыйынында депутаттар Минск конвенциясына кол койгон өлкөлөргө, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына, ЕККУга, ЖККУга жана ЕврАзЭШке кайрылуу кабыл алды. Бул кайрылууну 86 депутат бир добуштан колдоду. Анда Минск конвенциясына ылайык, мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныш Бакиевди жоопкерчиликке тартылышы керектиги айтылат.
Парламенттин кайрылуусунда Курманбек жана Жаныш Бакиевдердин жасаган кылмыштуу иштери боюнча сот өкүмү чыкканы белгиленген. Мындан улам аталган уюмдарды эл аралык документтердин негизинде бир тууган Бакиевдерди жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга кайтарууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.
12-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү үчүн Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилген. (BkA)