Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Нариман Түлеев ачкачылык акциясын токтотту


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети абактагы депутат Нариман Түлеевдин жазган арызына таянып кабарлады. Учурда Түлеев УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Акыйкатчы Турсунбек Акун депутаттын ачкачылык жарыялашына УКМКнын медициналык мекемесинин жетекчиси Нияз Алдашев тергөө абагынын ооруканасында дарылоо үчүн андан 50 миң доллар талап кылганы, ден соолугу начарлаганына карабай тергөө абагына которгону себеп болгонун билдирген.

Андан соң УКМКнын тергөө абагынын жетекчиси Мирбек Муканбетов кызматтан убактылуу четтетилип жана абактын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматынан алынган.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата Журт” партиясынын депутаты Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Ага 2008-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG