Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, бүгүн саат 11лерде күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу түптөн 18 чакырым түштүк тарабында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
29-январда болгон 6 баллдык жер титирөөдөн Түп районунда 2 мектеп 40 үй авариялык абалга келген. Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 126 турак жай жараксыз болгон. (КЕ)
29-январда болгон 6 баллдык жер титирөөдөн Түп районунда 2 мектеп 40 үй авариялык абалга келген. Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 126 турак жай жараксыз болгон. (КЕ)