Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Брюсселде Ооганстанга жана Украинага көмөктөшүүнүн жолдору талкууланууда


НАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги кездешүүсүндө 2014-жылы НАТОнун көп улуттуу күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин да өлкөгө финансылык жардам берүүнү улантуу маселесин талкуулоодо. Министрлердин айтышынча, Ооганстанда коопсуздукту сактоо үчүн 2018-жылга чейин 350 миңдик аскерди каржылоого көмөктөшүү жагы да мерчемделип жатат. Былтыр НАТОнун коргоо министрлери 230 миңдик ооган аскерин каржылоого макулдук берген.

Брюсселде эки күндөн бери жүрүп жаткан жыйында өз ара кызматташуу аркылуу Украин армиясын реформалоого жана модернизациялоого жардамдашуу жагы да каралууда. Бүгүнкү жыйын алдында НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен министрлердин Украинага “демократияны жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө” көмөктөшүүнүн жолдору да талкууланарын билдирди.

XS
SM
MD
LG