Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Беларус тилинин коргоочусу беш күнгө кесилди


Минскиде беларус тилин коргоп, демонстрация өткөргөн бедизчи Геник Лойка беш күнгө камалды. Скульптор жигит бейшемби күнү Минскидеги №4 лицейдин алдына “Эл аралык эни тил күнү кут болсун! №4 лицей беларус мектеп болсун” деген ураан көтөрүп чыккан. Лойканын кабарчыларга айтышынча, “азыр өлкөдө жүрүп жаткан беларус мектептерди орусташтырууну токтотуу зарыл экенине” коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөн.

Кечээ болгон сотто Лойкага уруксатсыз демонстрация өткөрдү деген айып тагылды. Лойканын сот беларус тилинде өтсүн деген талабына карабай жараян орус тилинде болду. Беларус Конституциясы боюнча, беларус жана орус тилдери өлкөдө расмий тил саналат. Бирок өлкөдө көпчүлүк орус тилинде сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG