Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Жалал-Абадда “хизбутчу” деп шектелген эки адам кармалды


Сузак районунун Ырыс жана Бек-Абад айылдарынан “ Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөлөрү деп шектелген эки киши кармалды. Алардын бири 58 жашта, экинчиси 51 жашта. Алар облустук ички иштер башкармасынын 10-бөлүмү менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн операция маалында колго түшүрүлдү. Ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуровдун маалыматы боюнча, алардын үйүнөн экстремисттик маанайдагы 36 китеп, 108 үгүт баракчасы жана ондон ашык аудио кассеталар алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG