Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Украин парламентиндеги чатак эки жумадан кийин жөндөлдү


Украин парламенти оппозициячыл фракциялар президиумду жана трибунаны бошоткондон кийин өз ишин улантты. Дүйнө чемпиону, боксер Виталий Кличко башындагы Демократиялык реформалар үчүн альянсы, “Ата Журт” (Батькивщина) жана “Эркиндик" ("Свобода") фракцияларынын мүчөлөрү президиумду ээлеп алып, эки жумадан ашык убакыттан бери парламент иштей албай жаткан. Алар добуш берүүгө сөзсүз бардык депутаттар катышуусун, жыйынга келбеген депутаттар үчүн добуш бергенди токтотууну талап кылышты. Оппозициянын айтышынча, башкаруучу Региондор партиясы андай жобо кабыл алганга макулдук берген соң алар нааразылык акциясын токтотушкан.

XS
SM
MD
LG