Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Сталиндин чечендерди сүргүнгө айдаганына 69 жыл толууда


69 жыл мурда, 1944-жылы 23-24-февралда мурдагы СССРдин лидери Иосиф Сталиндин амирине ылайык, 387 миң чечен жана 91 миң ингуш Түндүк Кавказдан Казакстан, Кыргызстан жана Сибирге айдалган. Эки элди ата жеринен айдоо себебин Сталин алардын өлкөгө басып кирген фашисттик Германиянын армиясы менен кызматташкан деп түшүндүргөн.

Айрым маалыматтарга караганда, сүргүндүн биринчи жылы сууктан, оорудан жана ачкачылыктан алардын теңине жакыны апаат болгон.

Чечендердин сүрүлүп барган жеринен башка жактарга жылуусуна 1956-жылы Сталиндин жеке башына сыйынуу сындалгандан кийин уруксат берилген. Ошондон кийин алар Ата журтуна акырындап көчө башташкан.

XS
SM
MD
LG