Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Депардье Мордовияда каттоого турду


Француз актеру Жерар Депардье Орусиянын Мордовия жумуриятында расмий каттоодон өттү. Депардье жумурияттын баш калаасы Саранкс шаарындагы Демократия көчөсүндөгү номер биринчи үйдө каттоого турду. Саранск Москвадан 650 чакырым чыгышта жайгашкан. Мордовиянын Улуттук театрында кечээ ишембиде өткөн салтанатта Депардье каттоо баракчасына кол коюп, паспортуна тийиштүү штамп койдурду. Театрда атайын чогулгандар кол чабышты. Орусча акцент менен сүйлөгөн Депардье «Саранскиге даңк, Мордовияга даңк, Орусияга даңк» деп кыйкырды. Анан чөнтөгүндөгү паспортун алып чыгып, жаңы каттоосун элге көрсөттү.

Депардье Францияда салык көбөйөт дегенде президент Владимир Путинден Орусиянын атуулдугун алган эле. Ишемби күнү Депардье ошондой эле өзүнүн досу, Орусиянын Мамлекеттик кино корунун жетекчиси Николай Бородачевго тиешелүү болгон батирде каттоодон өттү. Жергиликтүү гезиттердин жазышынча, Депардье Мордовияны бир нече күн кыдырмакчы. Ал ошондой эле айыл жеринде үй куруп, Саранскиде чакан ресторан ачат экен.

XS
SM
MD
LG