Египеттин өкмөтү жергиликтүү христиандардын өтүнүчү менен парламенттик шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүүнү пландап жатат. Парламенттин жогорку палатасы Шура кеңешинин төрагасы Ахмед Махми мыйзамгерлерге «президент Мухаммед Мурси копт христиандардын кайрылуусуна байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу билдирүү жасайт» деди. Бирок ал өкмөт жаңы мөөнөттү качан жарыя кылаарын тактаган жок. Бейшембиде Мурси төрт баскычтан турган шайлоо апрелде башталаарын айткан. Бирок үч айлампа башталган күндөр чыгыш копт жыл наамасындагы диний майрамдарга туш келгендиктен, христиандар шайлоону башка күндөрү өткөрүүнү суранышкан. Ал арада оппозиция лидери Мухаммад Эл-Барадеи бул шайлоону бойкоттоого чакырды.