Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Иранда ыңкылапчыл гвардиянын машыгуусу башталды


Ирандын таасирлүү Ыңкылапчыл гвардиясы өлкөнүн түштүгүндө аскер машыгууларын өткөрүп жатат. Мамлекеттик маалымат каражаттары Сиржан шаарынын жака белинде башталган үч күндүк машыгуу гвардиянын согуштук даярдыгын күч алдырууну көздөй тургандыгын жазышууда. Сыналгыдан замбиректер менен танктар душмандын туруму деп белгиленген жерлерди аткылап жатканы көрсөтүлдү.

Ирандын ядролук программасынын айланасындагы эл аралык талаштардан улам Тегерандын өкмөтү аскердик машыгуулардын масштабын кеңейте баштаган.

Израилдин өкмөтү Тегерандын ядролук курал жасашын алдын алуу үчүн Иранга сокку урушу мүмкүн экендигин каңкуулаган. Иран өз кезегинде Израилди бутага алган алыска атуучу ракета жайгаштырарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG