Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу сакталууда


24-25-февралда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымында), Каракол-Эңилчек (45-90), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100) тоолуу автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл кылаасында күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+6,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-8, күндүз -3…+2,
Баткенде түнкүсүн -3.. +2, күндүз 0…+5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +1 …+6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,
Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…-8,

Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -3…-5 градус, күндүзгү температурасы +2…+4 градус болот.

XS
SM
MD
LG