Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Италияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Италияда бүгүн көп жылдардан бери элдин назарын өзгөчө бурган шайлоо өтүп жатат. Аналитиктердин айтымында, эл баалуу кагаздар базарында Италияны кризистен чыгара турган, аны менен катар евро-аймактагы карыз кризисин чечүүгө жардам берүүгө дараметттүү өкмөт түзүлөбү деп бушайман болушууда. Сурамжылоого караганда, борборчул-солчул багытты карманган Пиер Луиги алга озушу мүмкүн, бирок серепчилер анын туруктуу өкмөт курай алаарынан күмөн санашууда. Буга чейин төрт ирет өкмөттү башкарган, салыктарды кайтарып берем деп убада берген жана шайлоочуларды өзүнө тартуу үчүн акыркы жумаларда медиа чабуулга өткөн Силвио Берлускони да бир топ колдоо алат деп күтүлүүдө. Шайлоо эртең да уланып, алдын ала жыйынтык шейшембиде чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG