Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Иран «душмандын» дронун колго түшүргөнүн айтууда


Ирандын Ыңкылапчыл гвардиясы өлкөнүн түштүгүндөгү аскердик машыгуунун мезилинде чет элдик пилотсуз учакты кармап алгандыгын кабарлады. Гвардиянын маалымат катчысы билдиргендей, дронду Ирандын аба мейкиндигинде байкап калышып, кийин аны жерге кондурушту. Катчы дрон АКШга тийешелүү экендигин тактаган жок. Ай башында Кошмо Штаттары Ирандын “Перси булуңунун үстүндө америкалык дронду колго түшүрдүк» деген ырастоосун четке каккан. 2011-жылы Ирандын армиясы АКШнын куралсыз чалгын дронун кармап алган эле.

XS
SM
MD
LG