Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Израил “Жебе-3” системасын жаңы сыноодон өткөрдү


Израил армиясы ракеталарды уруп түшүрчү “Жебе-3” системасынын жакшыртылган түрүн сыноодон өткөрдү. Израилдин коргоо министрлигинин кабарлашынча, АКШлык аскерлер менен чогуу өткөрүлгөн машыгуу учурунда сыналган система ракета чабуулунан коргонуудагы чоң жетишкендик. Мурдакыга караганда бир кыйла бийиктеги бутаны жок кылуучу “Жебе-3” системасын Израилдин ишканалары Американын “Boeing” компаниясы менен чогуу жасаган. Ирандын “Сахаб” баллистикалык ракетасы ядролук бомба менен дүрмөттөлүшү мүмкүн жана 2 миң чакырымга чейин жетет. Израил Ирандын ядролук жана ракета программасы өлкөнүн жашоосуна коркунуч жаратат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG