Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Серж Саркисян шайлоодо жеңгени тастыкталды

Армениянын борбордук шайлоо комиссиясы Серж Саркисянга 18-февралдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деген күбөлүк тапшырды. БШКнын маалымадашынча, Саркисян 58, 6 процент добуш менен экинчи мөөнөткө президент шайланды. Өлкөнүн мурдакы тышкы иштер министри Раффи Хованисян 37 процентке жакын добуш алган. Жекшемби күнү Хованисяндын 4 миңдей тарапкери Ереванда алдын ала эсептөөлөрдүн жыйынтыгына нааразылык билдирген. Алар 22-23-февраль күндөрү да Ереванда жана башка шаарларда демонстрацияга чыгышкан. Хованисян ушу жумада 21 шаарга барып, шайлоочулар менен кездешерин, бейшемби күнү Ереванда нааразылык акциясын өткөрөрүн билдирди.
XS
SM
MD
LG