Бишкекте апрел окуясынын үч жылдыгына арналган фотокөргөзмө өтөт. Ага кыргызстандык кабарчы-фотосүрөтчүлөр Игор Коваленко жана Вячеслав Оселедконун кандуу окуя чагылдырылган 60ка жакын документалдык сүрөтү коюлат. "Эсен болуп эстей жүрөлү..." деген аталышта уюштурулуп жаткан көргөзмөнүн ачылышы 1-мартка белгиленүүдө.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашкан. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик саясатына каршы уюштурулган митинг учурунда токсондой киши "Ак үй" алдында окко учуп, кан төгүлгөн. Мурдагы бийлик башында турган жыйырмадан ашык адам соттолууда, бирок азырынча күнөөлүүлөрдүн аты аталып, соттон жазасын ала элек. (RK)