Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

700 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштейт


Жыл сайын 700 миң чамалуу кыргызстандык чет мамлекеттерде иштеп, акча таап келүү үчүн чыгат. Бул тууралуу Жаштар министрлигинин алдындагы Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 500 миңге жакын кыргызстандык Орусияда, 70 миң чамалуусу Казакстанда, калгандары алыскы чет өлкөлөрдө, Европада иштешет. Расмий түрдө борбор Орусия, Түштүк Корея, Араб эмираттарынын иш берүүчүлөрү менен иштеп, чет мамлекеттерде иштеп келүүнү каалаган жарандарга мигранттардын укугу жана милдеттери тууралуу кеңештерди берет.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 1,5 млн. чукул.

Ошол эле учурда Кыргызстан чет өлкөлүк жумушчуларга квота берет. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун маалыматы боюнча, быйылкы жылы Кыргызстан чет өлкөлүк жарандар үчүн 625 жумуш ордун сунуш кылды. Анын айтымында, жарандары Кыргызстанда иштөөнү каалаган өлкөлөрдүн башында Орусия, андан кийин Өзбекстан менен Кытай турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG