Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Атамбаев: Жапония өкмөтү чек араны бекемдөөгө көмөктөшөт


Жапония өкмөтү Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын бекемдөөгө грант берет. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Киото шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жапония чек араны чыңдоого бөлө турган каражаттын өлчөмүн азырынча айта элек.

Мындан сырткары Кыргызстан иена менен берилчү насыя сурады. Эгер бул каражат берилсе, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу жаңы жол курууга жумшалат.

Кыргызстан акыркы сегиз жылда Жапониядан иена түрүндө насыя ала элек болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG