Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Кадыралиевдин өлүмүнө байланыштуу сот өкүмүнө тараптар нааразы


ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Алтынбек Итибаевдин адвокаты Свердлов райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Ушундай эле доомат менен жабырлануучу тарап да Бишкек шаар сотуна кайрылып, Свердлов райондук соту тарабынан иш боюнча айыпталып жаткан Мурас Маташевдин акталышына нааразылыгын билдирди. Жабырлануучулар Маташевди “депутатты өлтүрүүгө буйрук берген” деген берене боюнча жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

ЖК депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 2009-жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG