Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Вашингтондун каршылыгына карабай Иран-Пакистан газ куурунун курулушу уланарын жарыялады. Дүйшөмбүдө Лахордо сүйлөгөн учурунда ал курулуштун долбоору 11-мартта башталарын билдирди. Зардари газ кууру Пакистандын энергетикалык керектөөсү үчүн маанилүү экенин айтып, өлкөсүнө каршы санкцияларды колдонбоого чакырды:
- Иран-Пакистан газ куруунун долбоору 11-мартта формалдуу түрдө башталат. Бул тынч максатты көздөгөн долбоор жана анын пакистандыктар үчүн мааниси өтө чоң. Долбоор 1994-жылы түзүлгөн. Эмне үчүн бизге бул долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын түшүнбөй турам.
АКШ Иран-Пакистан газ куурунун курулушуна каршы, расмий Вашингтон Пакистан бул долбоордон баш тартпаса, эл аралык санкциялар күтүп турганын эскерткен.
Иран бул долбоор боюнча өзүнүн аймагында куурларды курууну баштаган, ошондой эле Исламабадка газ куурунун баасынын үчтөн бир бөлүгүн, т.а. 500 млн. доллар насыялоону убада кылган.