Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Нетаньяху: Ирандын өзөктүк программасы кызыл чекке жакындап калды


Израилдин премьер-министри Иран кызыл чектен ашкандан кийин зарыл аракеттерди көрүү керектигин айтып, Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар аны уранды байытуудан баш тарттыра албаганын белгиледи. Нетаньяху эми Иранга каршы жаңы санкциялар аскердик аракеттерди камтуусу зарылдыгын АКШнын вице-президенти Жо Байден менен болгон видеожыйында билдирди. Жо Байден дүйшөмбүдө Ирандын өзөктүк программасын токтотуу үчүн АКШ аскердик аракеттерди да камтыган бардык варианттарды колдонууга даярдыгын жарыялаган.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маселе ачык бойдон кала бербеши керектигин кечээ эр-Риядда билдирди. Ал эми МАГАТЭнин башчысы Йукия Амано өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүнүн создуктура бербөөсүн Ирандан талап кылды.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап келишет, ал эми Иран программа энергетика жаатында тынч максатта иштеп жатканын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG