Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Кыргызстан "Sotheby's" көргөзмөсүнө катышып жатат


Бул күндөрү Лондондо өтүп жаткан "Sotheby's" аукцион үйүндөгү көргөзмөгө Кыргызстан да катышып жатат. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кыргызстандык фотосүрөтчү Алимжан Жоробаевдин "Коммунизмдин карааны" деп аталган сүрөт сериясы жана Гүлнара Касмалиева менен Муратбек Жумалиевдин "Жаз" деген тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына сунушталууда.

"Sotheby's" аукцион үйү 1744-жылы негизделген. Ал эски баалуу буюмдар жана искусство чыгармалары сатылуучу дүйнөдөгү эң престиждүү жай деп эсептелет.

Кыргызстан бул жолу мурдагы советтик республикалардын заманбап искусствосунун "Кесилишите" деп аталган көргөзмө-сатыгынын алкагында катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG