Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Жалал-Абадда митингчи аялдар нааразылыгын облакимиат ичинде улантууда


Бүгүн Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын алдына чыккан митингчилер учурда нааразылыгын акимиаттын ичинде улантып жатат. Алардын баары аялдар, Баатыр энелер экенин кабарчыбыз айтууда. Милициянын билдиришинче, чогулгандардын саны 50-60, ал эми митингчилер өзүлөрү 200дөй киши деп айтууда.

Бүгүн эртең менен аталган топ "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидер депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылып шаардын борбордук аянтына чыккан. Облус жетекчисинин орун басары Жумагүл Эгембердиева аялдарды акимчиликтин ичине кирип сүйлөшүүнү сунуштады.

Нааразы тарап депутаттарды тез арада бошотууну талап кылып, алар абактан чыкмайынча кетпей турганын айтууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG