Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусияда жол кырсыгында эки кыргызстандык каза тапты


Орусияда жол кырсыгында эки кыргызстандык мерт кетти, дагы бирөө жараат алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева кабарлады.

Анын айтымында, кырсык 3-мартта Москва - Киев унаа жолунун 66-чакырымында болгон. Орусияда үч айлык каттоо мөөнөтү аяктап бараткан кыргызстандык жарандар Украина тарапка чыгып, кайра Москвага келатканда кырсыкка кабылган:

- Кыргызстанга барып келип же башка үчүнчү өлкөгө кирип чыкса каттоо мөөнөтү кайра мыйзамдашып калат. Украина жакын жана арзан. Адатта беш миң рублга ушул жерде турган эле кыргызстандык таксисттер алып барып келет.

Каза тапкан кыргызстандыктардын бири Араван районунда туулган 24 жаштагы эркек жаран экени аныкталды. Ал эми 30 жаштагы келиндин кайсы жерлик экени азырынча аныктала элек.

Жараат алган кыргызстандык кыз Наро-Фоминск ооруканасынан медициналык жардам алды. (RK)

XS
SM
MD
LG